Ирандагы кыргызстандык жүк ташуучуларды Азербайжан аркылуу алып чыгуу каралууда

  • 4 года мурун

Коронавируска байланыштуу алдын-алуу чаралары жүргүзүлуп жаткан Иранда 62 кыргызстандык жүк ташуучу бар. Алар Кыргызстанга кайтуу үчүн иран-түркмөн, иран-азербайжан чек арасынан өтө албай турушат.

КР тышкы иштер министрлги аларды компетенттүү органдар менен бирге Азербайжан аркылуу алып келүү жагын сүйлөшүп жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 9-марттагы маалымат боюнча, иран-азербайжан чек арасында 23 жүк ташуучу машина кармалып турат.

9-11-мартта иран-азербайжан чек арасынын «Астара» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 23 жүк ташуучу машина өткөн. Калган машиналарды да көзөмөл-өткөрүү пунктунан өткөрүү күтүлүүдө. Учурда алар паспорттук-бажы көзөмөлүнөн өтүп жатат.

Кыргызстандын Азербайжан жана Ирандагы элчиликтери Ирандагы кыргызстандык жүк ташуучулардын көйгөйүн көзөмөлгө алып жаткандыгы кабарланды.

Коронавируска байланыштуу 29-февралдан баштап Азербайжан Иран менен чек арасын эки жумага жапкан.

5-мартта кыргызстандык жүк ташуучулар Иран менен Азарбайжан чек арасынан чыга албай жатканын билдирип, видео кайрылуу жолдогон.

Иранда акыркы 24 саат аралыгында коронавирус илдетинен 43 киши каза тапты, ооруну жуктурган 596 учур катталды. Жалпысынан 7161 киши илдетке чалдыкты. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө инфекция жайылгандан бери 237 киши көз жумду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты