​Коомдук кеңеш комиссиясы шайланды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдон мүчөлөр шайланды.

Буга чейин бирикме, фонд жана мекемелерден 19 талапкер сунушталган, сынакка 18и катышты.

Онлайн жыйынтык боюнча комиссиянын курамына жарандык коомдон төмөнкү өкүлдөр шайланды:

Малика Өмүрканова, Айдар Мамбетов, Элийзар Тилебалды уулу, Артур Бакиров, Айгүл Жунушалиева, Асель Юсупова, Светлана Мамутова, Эрлан Жузупов, Екатерина Новикова, Камилжан Рузиев.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссиянын 10 мүчөсү сынактык негизде 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты