​Жээнбеков Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Анда өлкөнүн инвестициялык жагдайын жакшыртуу, жер-жерлерде ишкерликти, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо, салык жана бажы органдарынын ишин автоматташтыруу, ата мекендик экспорттук потенциалды кеңейтүү чараларына кеңири токтолду.

Мамлекет башчы чек ара маселелерин чечүү, чек ара коопсуздугун жогорулатуу, ирригациялык, калкты таза суу менен камсыздоо, энергетика, саламаттык сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

10-мартта Президент Баткен чек ара отрядына барган. Андагы аскер кызматкерлери узундугу жалпысы 400 чакырымдан ашуун кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын татаал участокторун кайтарып, коргошконун маалымдады.



Президент эки күндүк иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт.

Сүрөт: prezident.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты