Иран коронавирустан улам түрмөдөн 70 миңдей кишини бошотту

  • 4 года мурун

Иран бийлиги коронавирус коркунучунан улам 70 миңдей кишини мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Сот системасынын өкүлү Ибрагим Раиси бул коомго коркунуч жаратат деген дооматтарды четке какты жана абактан кишилерди эрте бошотуу жараяны дагы уланарын айтты.

Бирок ал кырдаал турукташкандан кийин соттолгондор түрмөгө кайтып келер-келбеси жөнүндө маалымат берген жок.

Иранда акыркы 24 саат аралыгында коронавирус илдетинен 43 киши каза тапты, ооруну жуктурган 596 учур катталды. Жалпысынан 7161 киши илдетке чалдыкты. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө инфекция жайылгандан бери 237 киши көз жумду.

Жыл сайын перс жаңы жылына карата эл алдына чыгып кайрылуу жасаган жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи бул жолу салттуу жөрөлгөдөн баш тартты.

Өлкө бийлиги мектептерди, жогорку окуу жайларды жапты. Ошондой эле маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтоду.

Сүрөт: ISNA.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты