​Зомбулукка каршы уюштурулган тынчтык акциясын бузууга аракет кылгандар кимдер?

Бишкекте өткөн үй-бүлөлүк зомбулукка, аялдардын укуктарынын бузулушуна каршы уюштурулган тынчтык акциясын бузууга аракет кылгандар болду.

ПолитКлиника медиасы алардын айрымдарынын тек-жайын тактоого аракет кылды.

Алардын бири ак элечекти кийип алып, чыгып сөз сүйлөөгө аракет кылганда чогулгандар “Уят, уят!” деп кыйкырып сүйлөтпөй коюшту. Милиция кызматкерлери митингдегилер менен ал аялдын ортосун бөлүп, чыгарып жиберишти.

Четке туруп алып митингге чыккандардын баарынын үй даректери боюнча издеп барарын, аларга кол көтөргөндөр туура иш кылганын айтып жатты.

Ак элечекчен бул аял — Жыпара Баргибаева. Ал “Ала Тоо айымдары” коомдук фондун жетектеп жүргөнү маалым. Ошону менен катар эле мурунку Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун мурунку жубайы. 2019-жылы жол эрежесин бузганы үчүн МАИ токтоткондо, алар менен чырдашкан видеосу интернетке чыккан. Видеосун бул жактан көрсөңүз болот.

Тынчтык акциясын бузууга аракет кылгандардын катарында Акылай Кенекеева деген айым дагы болду.

Сүрөт: super.kg

Бул айым 2013-жылы Сарууда “Кумтөр” кенинин иштешине каршы чыккандардын арасында, жол тосууга катышкан. Сот бул иш боюнча аны 5 жылга шарттуу кескен.

Аны менен катар эле ал “Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо” элдик кыймылынын жетекчиси экени маалым. Бул кыймылдын айрым мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, кыймылдын жетекчиси Акылай Кенекеева аларды алдап кеткенин айтып, ага ишенбөөгө чакырышкан.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты