​АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы коргонуучу жабдыктарды тапшырат

  • 4 года мурун

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык жана башка кызматкерлер үчүн коргонуучу жабдуу тапшырат.

Бул жабдуу АКШнын коронавируска каршы күрөшүүдөгү алгачкы жардамдын алкагында берилип жатат.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Жабдык тапшыруу аземи Саламаттыкты сактоо министрлигинде болот.

Аземде вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Гэри Линден катышат.

Иш-чара учурунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери бул жабдык жөнүндө айтып беришет жана аны кандай колдонуш керек экенин да көрсөтүп беришет. Андан тышкары, журналисттер аземдин катышуучуларына суроо берип, коронавирус эпидемиясына даярдыкта АКШ дагы кандай колдоо көрсөтүп жатканы жөнүндө биле алышат.

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 4009 га жетти айыккандардын саны 63 миң 821.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаган.

Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты