Коронавирустан улам ​Италияда карантин жарыяланды

  • 4 года мурун

Вирустун андан ары күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьерминистри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. Анын ичинде өлкө аймагында ээнэркин жүрүүгө тыюу салынат.

«Өзүнчө «кызыл аймактар болбойт. Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өтөт «деди Конте журналисттерге.

Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.

Италияда дүйшөмбү күнү кечинде оору 1807 адамга жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши коронавируска чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жеткен.

Дүйнө жүзү боюнча 114 миң киши инфекцияны жуктуруп алды, 4004 адам көз жумду, 62 834ү айыкты.

9-март күнү 199 киши каза тапса, алардын ичинен 97си Италияда катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус Женевадагы маалымат жыйынында COVID-19 тездик менен тарап жатканын, дүйнөдө пандемия ыктымалдуулугу бар экенин билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаган.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты