​Аялдар иштери боюнча улуттук кеңеш аялдарга жасалган зомбулукту айыптайт

  • 4 года мурун

Өкмөткө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш аялзатына карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн, анын ичинде 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан катышуучуларга карата айрым милиция кызматкерлеринин аракетин айыптайт.

Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, аялдарга одоно мамиле, ушул жылдын башында өлүм менен аяктаган окуялар олуттуу көйгөй болуп эсептелет.

Мамлекеттин алдында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш ыкмаларды кайра карап чыгуу милдети турат.

Зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиаплан даярдалды.

2012-жылы түзүлгөн улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууну координациялоочу консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

8-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Жеңиш аянтында митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Аларды кийинчерээк бошотушкан.

Сүрөт: 8-марттагы жүрүштө. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты