Кыргызстанда жана Өзбекcтанда массалык иш-чараларга тыюу салынды

  • 4 года мурун

Нооруз майрамына карата Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында жылда өтчү майрамдык ишчара быйыл болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирустун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан мындай чара жер-жерлерде уюштурулчу майрамдык иш-чараларга да тийиштүү болот.

Бул арада Өзбекстанда да эл аралык иш-чараларды, спорттук мелдештерди өткөрүү убактылуу токтотулду.

Өзбекстан Дене тарбия жана спорт министрлиги кабарлагандай, коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн өзбек курама командалары эл аралык мелдештерге министрлик менен макулдашкандан кийин гана катыша алат.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 киши каза тапты. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты