Коронавируска каршы штаб: Эпидемиологиялык абал канаттандырарлык

  • 4 года мурун

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында, 9-мартта өлкөдө эпидемиологиялык абал бир калыпта, коронавирус катталбаганы айтылды.

-Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Иранда турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу жагдай көзөмөлдө экенин айтты. Министрлик бул маселе чечүү үчүн өнөктөштөр менен байланышууда.

Diamond Princess саякат кемесинде болгон Кыргыз Республикасынын жараны 9-мартта Бишкекке келди. Ал карантинге изоляцияга жаткырылды. Анын ден соолугу канааттандырарлык, коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн анализ алынды. Бул кыргызстандыктын колунда Япониядагы бейтапканадан берилген ден соолугу жакшы экенин күбөлөндүргөн сертификаты да бар.

Жыйында соода, бизнес борбор, супермаркеттер жана оюн-зоок жайларына келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды, -деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус чыккан «Grand Princess» лайнеринде эки кыргызстандык бар экенин, алардын ден соолугу жакшы экенин кабарлады.

1-марттан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Кытайдан келген эт жана эт азыктарына убактылуу чектөө киргизди

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты