​Элчи Азимбек Бекназаров — Малайзияда

  • 4 года мурун

5-мартта Куала-Лумпур шаарында, Кыргыз Республикасынын элчиси Азимбек Бекназаров Малайзия тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директору Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Элчи Бекназаров Ван Заиди бин Ван Абдуллага Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле Малайзия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгын билдирди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Азимбек Бекназаров өт көн жылдын декабрь айында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

2019-жылдын 25-декабрындагы маалымат жыйынында Президент Жээнбеков Бекназаров тууралуу мындай деп айткан:

— Менин сунушум болду. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып, өз оюн элге жакса, жакпаса да айтып жүргөн адамдарды билем. Мисалы, эгемендиктин алгачкы жылдарында Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев болгон. Мен аларды сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Бекназаров кошулду. Ал — тарыхый инсан. Алардын тагдыры оңой болгон жок,- деген.

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты