Ленин райондук салык кызматкерлери 25 миң доллар доолаган

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери С.Р. жана Н.Ш. ны кармады.

Алар салыкты текшерүүнүн жакшы жыйынтыгын камсыздоо үчүн жеке компаниянын бухгалтеринен 25 миң доллар доолаган.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Февраль айында С.Р. доолаган сумманын 5 миң долларын алган.

С.Р.нын жана Н. Ш.нын кабинетин тинткенде алар жеке компаниянын салыгын текшерип жаткандыгы белгилүү болду.

Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш кодексинин 326-беренеси, пара доолоо боюнча катталды.

Кармалгандар УКМК убактылуу абак жайына камалганы жана иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты