​Коронавирустун экономикага таасирин азайтуу чаралары

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин азайтууга багытталган кризиске каршы иш-чаралардын планын даярдоо боюнча жыйын өткөрдү.

«Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Экинчи блок – бул бюджетти коргоо” деди.

Премьер-министр ошондой эле ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен планда реалдуу абал чагылдырылышы керектигин белгиледи.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирдин кесепетин азайтууга жана экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган экинчи штаб түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бекитилди.

Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагы ишканалардын, ишине дагы таасир берет деп айтылууда.

Сүрөт: Өкмөттүн баалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты