8-март кандай майрам? (Видео)

Келгиле, майрамдын тарыхын эстейли.

  • Клара Цеткин эл аралык айымдар күнүн жарыялоону, митинг жана жүрүштөрдө өз көйгөйлөрүн көтөрүп чыксын деген максатта сунуштаган.
  • Бир катар өлкөлөрдө 8-март аялдар майрамы катары белгиленет.
  • Ал көптөгөн өлкөдө тең укуктуулук жана эмансипация үчүн күрөштө тилектештик күнү катары пайда болгон.
  • Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылды эл аралык аялдар жылы деп жарыялаган жана эл аралык аялдар күнүн белгилей баштаган.
  • 1977-жылы БУУнун башкы ассамблеясы ар бир мамлекет өз салттарына жараша жылдын бир күнүн айымдардын теңдик күнү деп жаряялоо туурасында мамлекеттерге сунштайт.
  • 8-марттагы берилген белектер эң башкы нерсе эмес. Бул- ар бир аялдын укуктары үчүн күрөштө тилектештик билдирүү.
  • Дүйнөдө жана биздин өлкөдө аялдар үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка кабылып келет.
  • Көп учурларда зомбулук жазасыз калат.
  • Зомбулук тууралуу билдирген аялдарды айыптаган учурлар да көп.
  • БУУнун маалыматы боюнча кризис борборлордо жылына үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 8000 аялдын арызы катталат.
  • Региондордо аялдардын 60 % ын ала качышат. Адатта мындай түгөйлөр каттоодон өткөрүлбөйт.
  • Бийликтеги аялдардын саны да жакшырууга муктаж.
  • Жогорку Кеңеште аялдар 19 % , ал эми ар бир бешинчи айылдык кеңеште аял депутаттар жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты