Биринчи май жана Ленин райондорунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунда соттун чечими менен 1-июлга чейин митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи май райондук соту бул чечим Ноорузду жана Жеңиш майрамын майрамдоого тиешеси жок экенин кошумчалады.

Аталган райондук соттор мындай чечимди жаңы коронавирус коркунучунан улам кабыл алышканы белгилүү болду.

Убактылуу тыюу 1-июлга чейин созулмакчы.

Андан мурун Биринчи май районунда 8-март майрамына карата “Аялдардын шериктештик маршы” боло турганы айтылган. Ал иш-чара уюштурулбай турган болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты