​Алматыда активисттер Кытайдан азык-түлүк алып келүүгө тыюу салууну талап кылышты

  • 4 года мурун

6-мартта Алматы шаардык акимчилигинин алдына чогулган активисттер президент Касым-Жомарт Токаевдин атына кат жолдоп, Кытай менен чек араны жабууну жана бул өлкөдөн азыктүлүк алып кирүүгө тыюу салууну өтүнүштү.

Мамлекет башчыга жолдонгон катта ошондой эле коронавирус тууралуу журналисттерге толук маалымат берүү жана илдетке каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар үчүн коротулган каражат боюнча ачык отчеттун болушу сыяктуу талаптар жазылган.

— Биздин катта Алматы акимчилигине байланышкан талаптар да бар. Ошондуктан катты акимге бердик. Сагинтаевден жооп күтөбүз. 13-мартта кайра келебиз, — деди активисттердин бири.

Казакстан буга чейин Кытай менен автотранспорт, Иран менен аба байланыштарын токтоткон. Мындан тышкары Түштүк Кореяга жасала турган аба каттамдарынын санын азайткан.

8-марттан тарта Казакстанга Кытайдын, Ирандын жана Түштүк Кореянын жарандарынын киришине тыюу салынат. Мындан тышкары Каспий деңизинде Азербайжан менен Ирандан келген кемелерди тейлөө убактылуу токтотулат.

5-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Казакстанда миңге жакын адам карантинде экенин билдирген. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандар жок.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдагы коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты