​25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30% мандатты резервдөө колдонулат

  • 4 года мурун

«Жергиликтүү кеңештер депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат.

Бул алдыдагы шайлоолордо жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун 38 пайызга чейин көбөйтүүгө негиз болуп бере алат.

Айылдык кеңештерге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Президенттин кабыл алуусунда болгондо, 5-мартта, билдирди.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын 30 айылдык кеңештерине жана 5 шаардык, Токмок, Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу жана Ош шаарларынын депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты