Фарид Ниязов билдирүүсүндө эмнелер тууралуу айтты?

Кой-Таш окуясы боюнча айыпка шектүү, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов билдирүү жасады.

Анда Фарид Ниязов төмөнкүлөргө токтолду:

— Өткөн жылы Алмазбек Атамбаев элдик ишенимдеги өкмөт тууралуу айткандарын тергөөчүлөр «бийликти күч менен басып алууну уюштуруу» деп атады.

Интернетте өткөн жылдын 3-июнундагы медиа форумдагы 7 пункттан турган резолюциянын материалдары толтура.

Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кенешке «мыйзамсыздыкты токтотуп, мамлекеттик органдарды укуктук алкакка кайрып келүү» талабын аткаруу үчүн эки ай мөөнөт берилген. Министрлер кабинетин отставкага кетирип, элдик ишенимдеги өкмөттү түзүү сунушталган.

Эгер ал талаптар аткарылбаса, парламенттик жаңы шайлоону жана Президенттин отставкасын талап кылуу болгон.

Бул талаптарды аткарбаган Жогорку Кеңештин бери дегенде жүздөгөн депутаттары азыр түрмөдө олтурмак.

Ал тургай Бакиевдин доорунда да «бир тууган Жээнбековдор» жасаганды жасашкан эмес.

Тергөө даана эле Ак үйдүн кысымы менен жүрдү, ошол себептен бир жактуу болду. Өз кылмыштуу аракеттерин «Бийликти күч менен басып алуу» деп будамайлай салышты.

Көз каранды эмес эксперттер жапырт баш аламандыктын жана «Альфа» отрядынын башчысынын орун басары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнүн себеби Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин ойлонулбаган иш-аракетинен башталган дешет.

Ал атайын отрядга элге каршы ок атууну буюруп жана эки кызматкерин атайын талоондо калтырган.

Тергөө далилдерди табууга жанталашкан эмес. Жөн гана «бийликти күч менен басып алуу» деп, айыпты ойдон чыгарган.

Айып корутундусунда Атамбаевдин тарапташтарынын алдын ала «кылмыштуу ролдору бөлүштүрүлгөн» деп айтылат. Бирок буга маалымат да, далил да жок.

Менин ролум кандай болгонун айтып бере алышпады.

Эгер Атамбаевдин бийликте калуу ниети болсо, экинчи президенттик мөөнөттү уюштурууга көптөгөн варианттар табылмак.

Атамбаев Жээнбековду Президент сунуштап, аны башкаргысы келген деген сөз да суу кечпейт. Мурдагы президент жаран катары деле кеңеш берүүгө укугу жокпу?

Ал учурда Жээнбековго көсөмдүк жетишпей калган. Жээнбеков Атамбаевдин мүнөзүн билген жана аны эске алышы керек эле.

Президент болгондон баштап дал Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине жоопкер деп айтылат

билдирүүдө.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине 14 киши кылмышка шектелип жатат. Анын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков жана башкалар бар.

Алар бийликти күч менен басып алуу, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, барымтага алуу, жапырт баш-аламандык, киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп оор жана өзгөчо оор кылмыштарга шектелүүдө.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты