​Кой-Таш окуясы боюнча сот: Судьядан баш тартуу сунушу

Кой-Таш окуясы боюнча соттун баштапкы отуруму Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 5-мартта да уланды. Айыпка шектелгендердин арасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко катышкан жок. Соттун баштапкы отуруму мурдагы эки күндөгүдөй эле, жабык өтүүдө.

Соттон баш тартуу

Судья шектелген тараптардын өтүнүчүн канаттандырбай жатат, ошондуктан судья Марат Сыдыковдун сот отурумун алып барышынан баш тартуу жагы талап кылынды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Соттун ачык өтүшүн талап кылуу

Кылмышка шектелген тарап сот отурумун ачык өткөрүү боюнча билдирүү жасашты.

«Эл чындыкты билиши керек. Ошондуктан биз сотко кайрылып, ЖМК жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда сот териштирүүсүн ачык өткөрүү боюнча кайрылып жатабыз» деди адвокат Жоошев.

Сот арачылары катыштырылбайт

«Конституциянын 26-беренесине ылайык «ар бир адам мыйзамда каралган учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

Ал эми КР Жазык-процессуалдык кодексинин 263-беренесинде «Райондор аралык соттор “киши өлтүрүү” беренеси боюнча козголгон кылмыш иштерин сот арачыларынын катышуусу менен карайт» деп көрсөтүлгөн.

Мындан улам, бүгүнкү соттук отурумда мен кылмыш-жаза кодексинин “киши өлтүрүү” жана “киши өлтүрүүгө далалат жасоо” беренелери боюнча айыпталып жаткан Канат Сагымбаевдин өтүнүчү боюнча кылмыши иш сот арачыларынын катышуусу менен каралсын деген өтүнүч келтирдим.

Бирок судья Марат Сыдыков мыйзам талаптарын, Канат Сагымбаевдин жана менин жактоочулук укугумду одоно түрдө бузуп, өтүнүчүмдү угуудан баш тартты» деди адвокат Жоошев.

Кимдер шектелип жатат?

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине 14 киши кылмышка шектелип жатат.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархад Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Асангелди Какебаев.

Булар бийликти күч менен басып алуу, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, барымтага алуу, жапырт баш-аламандык, киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп табылган.

Ошондой эле дагы беш киши тергөө менен кызматташкандыгына байланыштуу алардын кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынды. Алардын аты-жөнү айтылган жок.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Сүрөт: социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты