Аттестациядан өткөн мугалимдердин айлыгына 2000 сом кошулду

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди аттестациялоонун жаңы системасын сыноодон өткөрдү. Аттестациядан өткөн мугалимдердин айлыгына 2000 сом кошулду.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Апробация өлкө аймактарындагы инновациялык 30 мектепте өткөрүлдү. Инновациялык мектепттин 500дөн ашык мугалими

аттестациядан ийгиликтүү өттү. Аларга жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар берилди.

2020-жылдын 1-январынан тартып өкмөттүн жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин квалификациялык категориясына кошумча акы чегерүү тууралуу токтому күчүнө кирген.

Токтомго негизделип, аттестациядан өткөн мугалимдердин маянасына 1000 сомдон 2000 сомго чейин кошумча акы чегерилди.

2020-жылдын октябрынан тарта өлкөдөгү башка мектептердин мугалимдери квалификациялык категорияны алуу үчүн өз эрки менен аттестациядан өтө алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты