​Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирус жугузгандардын саны 12 миңден ашты

  • 4 года мурун

Соңку суткада Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирус жугузгандардын саны 2103, жалпысынан 12 668 ге жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирус Кытайдан башка 76 өлкөдө 12 668 га жетти. 48 киши каза тапты.

Соңку суткада Польша, Аргентина, Чили жана Украинада инфекция жугузгандар катталды.

Италияда 3089 киши инфекция жугузуп, мектептер, жогорку окуу жайлары жабылды.

Кытайда инфекция чыккандан бери 80 409 киши оору жугузду. 52 045 киши айыкты.

БУУ маалыматы боюнча COVID -19 коронавирусунан февраль айында эле 50 млрд доллар экономикалык зыян келтирилди.

4-марттагы маалымат боюнча Белоруссияда дарт жугузган алты учур катталды, көзөмөлдө 14,5 миң киши турат.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты