Япония кыргыз жаранына медициналык жардам берди

  • 4 года мурун

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргыз Республикасынын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет.

1-мартта Кыргыз Республикасынын жараны — «Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган.

Биздин жаранды коронавирус инфекциясына акыркы жолу текшерүү анын ооруга кабылбагандыгын көрсөттү. Кыргызстандыктын ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты