​Шашылыш билдирүү: Жаан карга айланат

  • 4 года мурун

5-марттан 7- мартка чейин Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда 5-мартта күндүз жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, 5-6-7- мартта күндүз жаан жаап, карга айланат, 6-7-мартта түнкүсун кар жаайт.

7-8-мартта абанын температурасы төмөндөйт.

7-8-мартта Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -2…-7 градус;

Чүй облусунун түндүгүндө жана Таласта түнкүсүн: -4…-9, күндүз: +1… +6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун өрөөндүү аймактарында түнкүсүн: -4…+1, күндүз: +6… +11; тоолуу райондордо түнкүсүн: -4…-9; күндүз: -2…+3;

-Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн: -6…-11; күндүз: -3…+2;

Нарын облусунда: түнкүсүн: -10…-15, күндүз: -1…-6;

Тоолуу райондордо түнкүсүн: -15…-20, күндүз: -3…-8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн: -20…-25, күндүз: -5…-10 градус болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты