​Кыргызстанда массалык иш-чаралар чектелүүдө

  • 4 года мурун

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб кыргызстандыктарды көп эл чогулган иш-чараларды өткөрүүнү чектөөнү сунуштады.

Бүгүн, 4-мартта, бул тууралуу аталган штабдын жыйынында айтылды.

Мамлекеттик чек аранын көзөмөл-өткөрүү пункттарында иш күчөтүлгөн тартипте жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен эмес, жалпы жарандык (чет өлкөлүк паспорт) менен өтүшү керек. Айрым учурда гана кошумча текшерүү жолу менен, өзүнчө кабинкалар аркылуу өтүшөт.

Чет өлкөлүк паспорту барлар мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу текшерилет. Бул жарандын кайсы өлкөдөн келгендигин билиш үчүн 1-марттан башталган убактылуу чара болуп калды.

2020-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды.

Коронавирустун алдын-алуу боюнча Кыргызстанда ыкчам штаб түзүлгөн.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Кытайдан келген эт жана эт азыктарына убактылуу чектөө киргизди

Бишкек жана Ош аэропортторунда тепловизорлор коюлуп иштеп жатат. Бардыгы 13 тепловизор бар.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты