"ПолитКлиника" медиа кеңсесин тинтүү боюнча кылмыш иши уурулук боюнча козголду

Жаңылыктар

"ПолитКлиника" медиа кеңсесин тинтүү боюнча кылмыш иши уурулук беренеси боюнча козголду.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май ИИБден билдирди.

Бул факты 3-мартта 90-берене, уурулук боюнча козголуп, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Ишти тергөөчү Тагдыралы Жороев алып бараары маалымдалды.

2-марттан 3-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр "ПолитКлиника" медиасынын кеңсесин тинтип кетишти.

Кеңсенин терезесинин тор темирин талкалап киришкен. Андан кийин офистин ичиндеги эшиктерди талкалап, бөлмөлөргө кирип, иш кагаздарды, шкафтарды, текчелерди текшеришкен. Ал эми сырткы эки эшик бекилүү бойдон турган. Кирген кишилер кайра терезенин сындырып кирген тор темири аркылуу чыгып кетишкен. Калган бөлмөлөрдүн терезелери да ачык калган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу келип, иликтөө иштерин жүргүзүп кетишти.

Кеңседен баалуу эч нерсе жоголбогону белгилүү болду. Компьютерлер, ноутбук, фотоаппараттар жана башка техниканын, буюмдардын баары - өз ордунда. Бир гана биздин жумушчу материалдар, кагаздар, жумушчу блокнот, жумушчу китепчелер, хард диск жоголду.

ЖаңылыктарПолитКлиникатинтүү