​Президенттин аппаратындагылар митинг катышуучулары менен жолукту

  • 4 года мурун

Бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өткөн Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен Президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүм башчы алардын талаптарын угуп, жарандардын кабыл алуу тартиби тууралуу мыйзамды түшүндүрдү.

Митингдин резолюциясы келгенден кийин, Президенттин аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүндө маселе карала тургандыгын айтты.

Камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте, Ала Тоо аянтында митингге чыгышты. Алар Садыр Жапаровго боштондук берилишин талап кылышты.

Сүрөт: Митинг учурунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты