ТИМ: Круиз лайнериндеги кыргызстандык ооруканадан чыкты

  • 4 года мурун

Японияда «Diamond Princess» круиз лайнеринен коронавирус жугузду деген кыргызстандык ооруканадан чыгарылып, Токиодогу жатаканага жаткырылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

-Кыргызстандыкка япон госпиталынын медициналык сертификаты берилди, анда коронавирус инфекциясы жок экени тастыкталган.

Ал азыр Токио шаарында эркин жүрө алат.

Эгер аны Мекенине жиберүү чечими кабыл алынса, Кыргызстандагы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, 14 күнгө медициналык кароого алынат, -деп билдирди ТИМ маалымат департаменти.

Круиздик Diamond Princess лайнеринде коронавирус жуктурган кишилердин арасында кыргызстандык да бар экендиги кабарланган. Алар Японияда, Иокогамада карантинге алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты