​Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү (Видео)

Жекшемби, 1-мартта, Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өттү.

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча кечээ саат 15:00гө карата парламенттик шайлоодо 3 млн. 700 миң адам добушун берди. Бул жалпы шайлоочулардын 75 пайызын түзөт. Муну менен Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү деп эсептелет.

Тажикстанда 4 миллион 900 миң шайлоочу бар.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 мандат үчүн 238 талапкер ат салышууда. Анын ичинен 65и партиялык тизме менен, калган 173ү бир мандаттуу округдардан катышып жатат.

Бул 1997-жылы Тажикстанда тынчтык келишими менен аяктаган жарандык согуштан кийин өтүп жаткан бешинчи парламенттик шайлоо.

Бул сапар «Ислам кайра жаралуу» партиясы биринчи жолу шайлоого катышкан жок. Тажикстандын Жогорку соту аны 2015-жылы «экстремисттик жана террорчул уюм» деп таап, ишмердигине тыюу салган. Божомолдор боюнча президент Эмомали Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы мандаттардын көбүнө ээлик кылат. Анын менен катар шайлоого дагы алты партия катышкан. Арасында Социал-демократиялык партия – жападан жалгыз оппозициялык топ.

Эл аралык байкоочулардын баамында, Эмомали Рахмон бийликте турган 1994-жылдан бери парламентке таза шайлоо өтө элек. Алардын айтымында, шайлоо бийликтин басымы алдында жана калган партиялар үчүн калыс эмес шарттарда өткөрүлөт.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Расмий веб сайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты