​Чек арада абал кандай?

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапарынын жүрүшүндө бир катар чек ара аймактарына барды.

Вице-премьер-министр Ала-Бука районунун Көк-Таш, Көк-Серек, Т.Балтагулов, Ак-Коргон айыл аймактарындагы, Аксы районунун Кашка-суу айыл аймагында жана Кербен шаарындагы чек ара участокторун кыдырды.

Ошондой эле мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара бекеттерине барып, Ала-Бука районундагы Баймак көзөмөл-өткөрмө жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте орун алган маселелер талкууланды.

Вице-премьер-министр тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек арачылар үчүн социалдык-жашоо шарттарын мындан аркы жакшыртуу, чек арага жакын жайгашкан айылдарды өнүктүрүү жана көрсөтүлгөн аймактардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал ошондой эле өлкө бийлиги жана Өкмөт тарабынан региондорду, анын ичинде чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу жергиликтүү калкты маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты