​Тегеранда коронавируска байланыштуу жума намазга чогулууга тыюу салынды

  • 4 года мурун

Коронавируска байланыштуу Тегеранда адамдардын жума намазга чогулуусуна тыюу салынды. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 245ке жетти, арасында аялдар жана үйбүлө иштери боюнча вицепрезидент Масуме Эбтекар да бар.

Мындан улам Эбтекардын командасындагы бардык өкмөт мүчөлөрү вируска тест тапшыра башташты. 25-февралда COVID-19 вирусун Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи да жуктуруп алганы аныкталган.

Расмий маалыматтарга караганда, Иранда акыркы бир суткада каза болгондордун саны жетиден 26га жетти. Бул коронавирустан Кытайдын сыртында эң көп адам өлгөн алгачкы учур.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ден ашты. Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус 46 өлкөдө катталды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: EPA-EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты