​Мектепке электрондук каттоого 7 миң арыз түштү

  • 4 года мурун

28-февралга карата “Мектепке электрондук каттоо системасы” аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 7178ге жетти.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-2021-окуу жылына балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо Кыргызстандын алты шаарында ишке ашып жатат: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында.

Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер,http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек.

Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты