​Кой-Таш окуясы боюнча сот 2-мартта башталат

  • 4 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча сот Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2-мартта башталат.

Бул тууралуу адвокат Бакыт Автандил уулу ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, сотту Марат Сыдыков алып барат.

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жеенбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, 14. Асангелди Какебаев аттуу жарандарды кылмыш-жаза кодексинин 39, 309-беренелери, бийликти күч менен басып алуу, 355-берене, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, 337-берене, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, 244-берене, барымтага алуу, 264-берене, жапырт баш-аламандык, 130-берене, киши өлтүрүү, 39, 130-беренелер, киши өлтүрүүгө аракет, 253-берене, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, 257-берене, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, 338-берене, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп табылды.

24-февралда кылмыш иштерине байланыштуу баш прокуратуранын айыптоо актысы бекитилген. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты