​345 авто май куюучу станцияда автоматташтырылган система орнотулду

  • 4 года мурун

26-февралга карата 345 авто май куюучу станцияда башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулган.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен автоматташтырылган система Бишкекте – 82, Ош шаарында – 11, Чүй – 86, Талас – 10, Ысык-Көл – 39, Нарын – 13, Ош – 28, Жалал-Абад – 66, Баткен облустарында – 10 автоматташтырылган май куюу системасына орнотулган.

Республика боюнча бардыгы болуп 974 май куюучу станция бар, алардын 936сы иштеп жаткандар.

1-июлдан тартып бардык автоаматташтырылган май куюучу станцияда башкаруунун автоматташтырылган системасы колдонулмакчы.

Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюусу мүмкүн болбойт, себеби АМСтин май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система май куюучу станциядан мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот деп билдирди салык кызматы 27-февралда.

Буга чейин салык кызматы 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунай заттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонула баштайт деп маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты