​Анжиянда цемент заводунун иши абаны булгаганы үчүн токтотулду

Жаңылыктар

Өзбекстандын экология комитети Анжиян облусунун Асака районундагы SING LIDA цемент заводунун ишин токтотту. Буга заводдун айлана-чөйрөнү зыяндуу газдар менен булгаганы себеп болгон.

Мамлекеттик экология комитети текшерүү учурунда мештерде тешик бар экенин, зыяндуу заттар атайын чыпкадан өтпөй түз эле абага тарап жатканын аныктаган.

Мындан тышкары чаң тазалоочу эки жабдуу лабораториялык анализден өткөрүлгөн. Алардын чаң соруу көрсөткүчү 53,1%, жана – 60,7% гана түзгөн.

Бул фактылар «Айлана-чөйрөнү коргоо» жана «Атмосфералык аба жөнүндөгү» мыйзамдардын талабын бузуп жатканын далилдеген. Буга байланыштуу заводун ишин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Адистерге кемчиликтерди жоюу жана зыяндуу заттардын абага тарашын азайтуу боюнча тапшырма берилди.

SING LIDA өзбек-кытай биргелешкен ишканасы 2013-жылдан бери иштейт. Завод жылына 100 000 миң тонна цемент өндүрүүгө кудуреттүү.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

ЖаңылыктарӨзбекстанэкологияцемент заводужаптыбулгоо