​Чыгыш Казакстанда учак кулады

  • 4 года мурун

26-февраль күнү түшкө маал Өскемен шаарына (УстьКаменогорск) жакын Прапорщиково айлында Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулады. Бул тууралуу Чыгыш Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти билдирди. Бортто беш адам болгон.

Жергиликтүү басылмалар аймактын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчисин орунбасары Владимир Лиге таянып, учкуч сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылганын, калган төрт жүргүнчүнүн жарааты жеңил болгондуктан үйүнө жиберилгенин кабарлашты.

«Орлан 2000» авиакомпаниясына таандык Ан-2 учагы Чыгыш Казакстан облусунун борборунан санитардык тапшырманы аткаруу үчүн учкан. Кырсыкка учактын кыймылдаткычы күйүп кеткени себеп болгон.

Сүрөт: расмий веи сайт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты