Конституциялык палатанын судьялары шайланды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеӊеш жыйынында талапкерлиги Президент тарабынан сунушталган Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев депутаттардын басымдуу добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланышты.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Алардын иштөө мөөнөтү — жети жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты