​Чек арадан мыйзамсыз товар алып киргендер аныкталды

  • 4 года мурун

Салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактыларын аныкташты.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, “Чоң-Капка авто жолу” көзөмөл өткөрмө пунктунан 21,8 тонна алма, 2,3 млн сомдук 27,7 тонна түтүк, 17,7 млн сомдук 1442 даана унаанын айнегин алып кирүү аракетине бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарларды ташып кирүүгө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

“Ак-Тилек авто жолу” постунан айдоочулар 8,2 тонна пеноплекс, товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 974 миң сомго 1304 коробка жемиш жана коштомо кагазы жок 4,4 млн сомдук консолидацияланган жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

“Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө пунктунан товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 65 коробка Herbalife продукциясын алып өтүп бара жаткан унаа кармалган.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (финполиция) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты