Сапар Исаков сотко келбеди. Актоочулары анын ден-соолугунун начарлаганын айтышууда

  • 4 года мурун

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүн эртең мененкиге белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун анын адвокаттары “Азаттыкка” кабарлашты.

Алардын айтымында, Исаков өзүн начар сезип жатканын кароол кызматкерлери билдиришти.

Эгер абалы жакшырса, сот түштөн кийин уланары айтылды.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, ал 2019-жылдын август айында Улуттук госпиталга жатып чыкты. Адвокаттар мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты