​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт

  • 4 года мурун

28-февралда Бишкектеги К.Баялинов атындагы балдар китепканасында (саат 09:00дө) “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт.

— Таймаштын тандоо туру 27-январдан 1-февралга чейин Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында болуп өттү. Ага өлкө боюнча 7 жаштан 12 жашка чейинки 2200 окуучу катышып, 121 окуучу финалдык турга жолдомо алган.

Таймаштын максаты – балдар арасында кыргыз тилин, балдар адабиятын жана маданиятын жайылтуу. Балдарды, ата-энелерди китеп, журнал окууга тартуу болуп саналат.

Финалдык турда жеңген катышуучуларга ноутбук, велосипед жана букридер сыяктуу байгелер ыйгарылат.

“Баластан кубогун” “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата, Билим берүү жана илим

министрлиги менен “Баластан” интерактив журналы биргеликте уюштуруп жатат,- деп билдирди билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз борбору.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты