​Март айында аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог форуму өтөт

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-февралда, өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук экинчи диалог форумуна даярдыктардын жүрүшү тууралуу сөз болду.

Алдыдагы форумда аймактардын экономикасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү, инфратүзүмдүк өнүгүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты, жергиликтүү бийликтердин ишин санариптештирүү, балдарды социалдык колдоо жана башка маселелер каралганы турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты