​Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын кароо 6-апрелге жылдырылды

  • 4 года мурун

Жогорку сотто өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароо 6-апрелге жылдырылды.

Сотто кассациялык арызды кароо БУУ комитетинин сунушу боюнча каралмак.

Мамлекеттик айыптоочулар кошумчалоолор боюнча иш менен тааныш эместигинен улам, убакыт сурашты.

Натыйжада сот бул ишти кароону 6-апрелге жылдырды.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты