​Профсоюз өкүлдөрүнүн нааразылык акциясы өттү

  • 4 года мурун

Бишкекте бүгүн, 25-февралда Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү.

Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген өңдүү кине коюшууда. Нааразы тарап «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы чыгып жатышат.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына профсоюздардын 200дөй мүчөсү чыкканын, төрт киши Асанакуновдун иш бөлмөсүндө ачкачылык кармап отурганын билдиришти.

Мындай нааразылык былтыртан бери уланып келе жатат.

Мирбек Асанакунов профсоюз федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту былтыр канааттандырып, бирок Жогорку сот быйыл январь айында жокко чыгарган.

Бул кызматка Асанакунов 2017-жылдын 16-январында шайланган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеп келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты