Баңгизат каналын түзгөндөрдүн иши буулду

  • 4 года мурун

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматтын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан баңги каражаттарды ташып киргизүү жана сатуу боюнча туруктуу канал түзгөн кылмыштуу топтун иши токтотулду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Февраль айынын ортосунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында борбор калаадан баңгилик топтун уюштуруучусу кармалып, андан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына киргизилип, андан ары сатууга багытталган 2 кг 150 гр. салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылган.

Кармалган баңгилик менен алектенген топтун уюштуруучусу 1971-жылы туулган, Т.Д. аттуу жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө баңгилик топтун башка жигердүү мүчөлөрү кармалган. Шектүү 1972-жылы туулган И.К. жана 1992-жыл туулган Н.у Ж. нын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 1 кг 300 гр. салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 3кг 450 граммды түзгөн.
Азыркы учурда Аламүдүн райондук ИИБ тергөө кызматы тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча иштер ишке ашырулууда.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты