Жапырт каттоо: Эки айда Токмокто 6 745 жаран каттоого турган

  • 4 года мурун

Жарандарды жапырт каттоо фактысын текшерүүдө Токмок шаарында январь-февраль айларында паспорт берүү жана каттоо бөлүмү тарабынан 6 миң 745 жаран катталганын башкы прокуратура билдирди.

Айрым учурда Чүй облусунун каттоо кызматы жарандарды үй ээлеринин макулдугу жок, мыйзамда каралган тиешелүү документтери жок каттаган.

Токмок шаарынын прокуратурасы 150 дөн ашык киши бир нече дарекке мыйзамсыз катталгандыгын аныктаган.

22-февралда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштө кылмыш-жаза кодексинин 320- беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кемин жана Аламүдүн райондорунан 2000 ден ашык киши Токмок шаарынын ар кайсы даректерине катталган. Алардын 300 кишиден ашыгы тиешелүү документтерисиз катталган.

Кемин жана Аламүдүн райондорунун прокуратуралары тарабынан бул факты боюнча кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боло турган аймактарда жарандарды жапырт каттоо жүрүп жаткандыгы маалымдалып, парламентте каралган.

Баш прокуратура Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жакын жарандарды жапырт каттоого алуу көрүнүштөрү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

Сүрөттө: Токмок шаарында жапырт каттоого туруу көрүнүшү. «Ачык шайлоо kg» фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты