​Мекенди коргоочулар күнүн утурлай

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мекенди коргоочулардын күнүн утурлай кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө барды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди

Ички иштер министрлигинин ыкчам чара көрүү атайын отрядынын кесиптик даядоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын капитаны Төлөбек Исмаиловдун жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 32 жатак абагынан качкан соттолгондорду кармоо боюнча атайын операцияда каза болгон Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө барды

Төлөбек Исмаилов 2015-жылы Жаза аткаруу кызматынын № 47 жатак абагынан качкан соттолгондорду кармоо боюнча атайын операцияда каза болгон. Жубайы Аида Ындысбекова үч баланы тарбиялап жатат.

Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө барганда премьер-министр маркумдун эки баласын асырап алган анын атасы менен маектешти.

Мындан эки жыл мурда Бакайдын жубайы Айнагүл Эгембердиева кырсыктан каза болуп, алардын балдары тоголок жетим калган. Премьер-министр көңүл айтып, үй-бүлөгө колдоо сөздөрүн айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты