​Геодезия жана картография кызматкерлерин куттуктоо

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо минтип айтылат:

«Жер ресурстары – улуттук мурас, өлкөнүн экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды.

Жерге болгон жеке менчик укуктарын жана жерди пайдалануучуларды эсепке алуунун натыйжалуу системалары рынок экономикасынын натыйжалуу иштешине шарт түзүп, мамлекеттин жер ресурстарынын колдонуусун натыйжалуу жана туруктуу башкаруусунун фундаменти болуп саналат.

Жер ресурстары жана жерге байланыштуу укук мамилелери, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында 2019-жылы өкмөткө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн.

Акыркы эки жылда миң гектардан ашуун жаңы сугат жерлерин айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизген. Ошол эле учурда көп жерлер айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берилүүдө, андыктан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин сактоо жана жаңы жерлерди өздөштүрүү боюнча максаттуу программа иштеп чыгуу зарыл.

Бүгүнкү күндө сиздердин алдыңыздарда мамлекеттик жер саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жердин сандык жана сапаттык курамын жана кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрүн тактоо, жер кадастрын жүргүзүү боюнча маанилүү иштер турат.

Бул тармакта өз ишин мыкты билген адистер иштегендиктен, бул милдеттер өз убагында жана натыйжалуу аткарылат деп ишенем».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты