​Ысык-Көл облусунда жер силкинди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 20-февралда, саат 21:51де Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты