Мамлекеттик органдардагы коомдук кеӊеш мүчөлөрүн тандоо сынагы жарыяланды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик органдардагы коомдук кеӊештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча мурдагы курамынын иш мөөнөтү аягына чыккандыгына байланыштуу комиссиянын катчылыгы жаңы мүчөлөрдү шайлоого сынак жарыялайт.

Комиссиянын мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, 25 жаштан өйдө, жогорку билимдүү, соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштебеген, жарандык демилгелердин жана коомдук иштерде тажырыйбага ээ болгон жарандар талапкер боло алат.

Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө шайлануу боюнча сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтерди (колго, почта же электрондук почта аркылуу)жеткирүү керек:

1) талапкерди комиссияга шайлоо үчүн сунуштаган бирикменин каты (каттоодон өткөн бирикменин жетекчисинин колу менен же катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору, күбөлөндүргөн мөөрлөрү менен);

2) сынакка катышуу үчүн талапкердин арызы;

3) автобиографиялык маалыматтарын көрсөтүү менен талапкердин билими, кесиптик ишиндеги тажрыйбасы жана коомдук иштерге катышкандыгы жөнүндөгү маалыматтар (резюме сүрөтү менен).

Сынакка катышу үчүн документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

1) 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмү» деген белгини коюу менен);

2) же [email protected] электрондук дарегине «коомдук кеӊешке сынагына» деген белги менен конкреттүү мамлекеттик органды көрсөтүп (5 МB көлөмүнөн ашпаган, PDF форматында, бир файлда жөнөтүүнү сунуштайбыз).

Арыздарды кабыл алуу 10-мартта аяктайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты