​Экстремисттик топ түзүүгө шектелип алты кыргызстандык Москвада кармалды

  • 4 года мурун

Москванын Мещанский соту алты кыргыз жаранын экстремисттик топ түзгөн деген шек менен 17-мартка чейин камакка алганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Соттун басма сөз кызматы Айбек Мамажунусов, Мурза Кушуев, Айбек Халматов, Асан уулу, Калбаев Артык, Козонов Алтынбекке 282-берененин 1-бөлүгү («Экстремисттик топ түзүү») менен иш козголгонун билдирди.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова аталган кишилердин жарандыгы жана камакка алуу шарттары тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

19-февралда Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москва шаары менен облусунда Орусияда диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган «Таблиги Жамаат» тобунун мүчөлөрүн камакка алганы кабарланган.

Алар диний идеологияны жайылтып, тарапташтарды издеп жүргөнү айтылган. Алардын жанында Орусиянын юстиция министрлигинде экстремисттик материал катары атайын тизмеге алынган, тыюу салынган диний адабияттар табылган.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты