​“Акнет” боюнча сот 10-мартка жылдырылды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Акнет” компаниясынын мурдагы башчысы Кубан Ажымудиновдун иши боюнча сот башталган.

Бүгүн, 20-февралда, Кубан Ажымудиновдун адвокаты Светлана Аванованын ооруп калгандыгына байланыштуу сотко келбегендигинен, сот отуруму кийинкиге жылдырылды.

“Акнет” компаниясынын мурунку башчысы Кубан Ажымудинов ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, салыктан жана башка төлөмдөрдөн качуу, курал, ок-дарыны мыйзамсыз кармагандыгы жана документти жасалмалаганы боюнча кылмышка шектелүүдө.

Компаниянын учредителдеринин бири 2018-жылы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттигине шериктеринин жалган келишим жасап, каражаттты мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы ж.б. кемчиликтери боюнча кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты